Мамлекеттик чек ара кызматы “Ак-Жол унаа жолу” түйүнү жабыла турганын эскертип, альтернативалык варианттарды сунуштайт. Ведомстводон белгилешкендей, аталган өткөрүү пункту 2020-жылдын январында кайра калыбына келтирүү иштерине жабылат.
Жарандар коңшу Казакстанга “Ак-Тилек”, “Токмок унаа жолу”, “Кең-Булуң унаа жолу”, “Кайыңды темир жолу” жана “Чалдыбар унаа жолу” түйүндөрү аркылуу өтө алат. Алардын бардыгы Чүй облусунда жайгашкан.