Кыргызстанга жүк жеткирүүлөр мурдагыдай эле жүргүзүлүп жатат

Кыргызстанга жүк жеткирүүлөр мурдагыдай эле жүргүзүлүп жатат. Мамлекеттик чек ара кызматынан билдиришкендей, күнүмдүк керектелүүчү товарлар менен жүктөлгөн унаалар Казакстан, Өзбекстан жана Тажикстан менен чек аралардан өтүүдө.

 

Ал эми жарандар жана жүргүнчү ташуучу унааларга чектөөлөр киргизилген. Кытай менен чек ара толугу менен жабык. Ал аркылуу адамдар дагы, жүк дагы өткөрүлгөн жок.