ФИФА Бишкекте футбол борборун курууга 3,5 миллион доллар бөлүп берүүгө даяр

ФИФА Бишкекте футбол борборун курууга 3,5 миллион доллар бөлүп берүүгө даяр. Бул туралуу футбол федерациясынын генералдык катчысынын орун басары Нурдин Букуев билдирди.

 

Анын айтымында, бул үчүн 10 гектарга чейин аянт керек. Мэрия азырынча аны бөлүп бере элек. Бирок эл аралык уюм берген грант ушул              31-декабрда соңуна чыгып, каражат башка мамлекеттерге берилет, — деди Букуев. Белгилеп кетсек, Кыргызстанда татыктуу футбол аянтчасы жок болгону боюнча маселе быйыл курч көтөрүлүүдө.