Кыргыз-кытай чек арасы убактылуу жабылат

Кыргыз-кытай чек арасы убактылуу жабылат. Мамлекеттик чек ара кызматынан билдиришкендей, 1-октябрдан 4-октябрга чейин “Торугарт”, “Иркештам” өткөрүү түйүндөрү жабык болот.

 

Бул Кытайдын Күз жана Билим майрамдарына байланыштуу. Түйүндөр ишин 5-октябрда жандантат.  Белгилеп кетсек, пандемия шартындагы алгоритмге ылайык, учурда Кытайдан Кыргызстанга товар алып кирүүгө гана уруксат.