Мамлекеттик материалдык резервдер фондунун запастарын толуктоо үчүн жакынкы аралыкта бир катар товарларды сатып алуу пландаштырылууда.
Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министри Бообек Ажыкеев билдирди.
Анын айтымында, өлкө жетекчилиги тарабынан 5 миң тонна өсүмдүк майы жана 12 миң 500 тонна кумшекер сатып алуу милдети коюлган.
Мындан тышкары 5 миң литр дизелдик майдын литрин 59 сомдон сатып алуу пландалууда.