«Айыл чарбасын каржылоо — 8» долбоорунун алкагында 4 миллиард 206 миллион сомго
жеңилдетилген насыя берилди. Бул тууралуу айыл чарба жана мелиорация министри
Эркинбек Чодуев билдирди. Анын айтымында, жеңилдетилген насыяга 8 миң 371 адам ээ болду.
Ошондой эле быйыл 250 айыл чарба техникасын лизингге берүү пландалды.
Учурга карата анын 204ү тапшырып берилди, — деди министр.