Өлкөдө жыл башынан бери инфляция дээрлик 2 пайызды түздү

Өлкөдө жыл башынан бери инфляция дээрлик 2 пайызды түздү.

Улуттук статистика комитетинин маалыматына караганда, эки айда азык-түлүккө баа 1,8 пайызга кымбаттады.

Маалыматка ылайык, эң көп сүт, жашылча, балык, макарон жана башка дан азыктарынын баалары көтөрүлдү.

Ал эми бир жылдык инфляция дээрлик 11 пайызды түздү.

Бул былтыр 100 сом турган товарлар азыр 110 сомдон ашты дегенди билдирет.