Украинада согуш башталгандан бери Кыргызстанга авиабилетке болгон суроо-талап 5 эсе өстү.
Бул тууралуу Economist.kg басылмасы жазды.
Маалыматка ылайык, негизги суроо-талап Россиядан жана Түркия аркылуу башка өлкөлөргө транзиттик түрдө болгон.
Ошол эле учурда билеттердин баасы болжол менен 2-3 эсеге кымбаттады, маселен, мурда билет 10 миң сом болсо, азыр баалар 25-30 миң сомго жетти.
Баага доллардын өсүшү жана россиялык авиакомпаниялардын көбүнө каршы санкциялар да катуу таасир этти, — деп айтылат маалыматта.