Кыргызстан Россиядан кумшекер жана өсүмдүк майын сатып алат.
Айыл-чарба министрлигинин маалыматына ылайык, азык-түлүккө болгон бааны
турукташтыруу максатында 500 тонна күн карама майы жана 3 миң тонна кум шекер
жеткирүү боюнча келишимдер түзүлдү. Аталган азыктар Кыргызстанга апрелде импорттоло баштайт.
Белгилеп кетсек, Кыргызстанда өсүмдүк майынын 1 литри 160 сомго жетип, кумшекер 60 сомго барабар болууда.
Бул биздин өлкөгө жеткирүүчү өлкөлөрдө түшүм аз болгонуна байланыштуу.