Ош облусунун Тогуз-Булак айылы карантинге алынды

Ош облусунун Тогуз-Булак айылы карантинге алынды.

Учурда айылга мал алып кирип-чыгууга тыюу киргилди.

Жергиликтүү администрациядан билдиришкендей, аймактын алты тургуну

Сибирь жарасына шектелип ооруканага жаткырылды. Текшерүүнүн жыйынтыгы

азырынча чыга элек. Ооруканага түшкөндөрдүн абалы жакшы. Учурда аймакта

дезинфекциялоо иштери жүрүп жатат. Ар бир тургун дары ичип, ийне алды.

Профилактикалык иштер мал жандыктарына да жүргүзүлдү. Белгилеп кетсек,

буга чейин Тогуз-Булак айылынын тургундары ооруп калган уйду союп,

этин 300гө жакын адам бөлүп алганы белгилүү болду.