Мамлекеттик ипотеканы эми Кыргызстандын бардык жарандары ала алат

Мамлекеттик ипотеканы эми Кыргызстандын бардык жарандары ала алат. Бул тууралуу Мамлекеттик ипотекалык компаниянын төрагасынын орун басары Урматбек Кокочаров билдирди.

 

Анын айтымында, буга чейин насыя бир гана мамлекеттик кызматкерлер жана бюджеттик тармактын кызматкерлерине жеткиликтүү болчу. Жаңы турак-жай программасынын алкагында механизмдер кеңейтилет.

 

Андан тышкары, мамлекеттик ипотекалык насыя алууда милдеттүү түрдө биринчи салым төгүү талабы жоюлат. Жаңы программа менен калктын аярлуу катмары дагы колдоно алат.