“Манас” эл аралык аэропорту кадимки режимде иштеп баштады

“Манас” эл аралык аэропорту кадимки режимде иштеп баштады. Анын басма-сөз кызматынан белгилешкендей, аба майдандын аймагында түндөн бери кармалып жаткан калың туман тарады.

 

Буга чейин аткарылбай калган каттамдар ишке ашып баштады. Эске салсак, буга чейин калың туманга байланыштуу, Москва-Бишкек-Москва, Ташкент-Бишкек-Ташкент, Бишкек-Ош багыттары аткарылбай калган.