Бишкекте жарандардын биометрикалык маалыматын чогултуу жүрүүдө

Бишкекте жарандардын биометрикалык маалыматын чогултуу жүрүүдө. Мэрия бул максатта 4 түйүн ачты. Алар Ак-Босого конушундагы №16 жергиликтүү аймактык башкармалыкта, Дордой конушундагы №94 мектепте, Кара-Жыгачтагы №6 жергиликтүү башкармалыкта жана Жакйыл баатыр көчөсү 132 дарегиндеги башкармалыкта орун алды.

 

Жеке маалыматтарын тапшырууну каалагандар паспорту менен келиши керек. Кошумчаласам, мыйзам боюнча ар бир кыргызстандык биометрикалык маалымат тапшырууга милдеттүү.