“Манас” эл аралык аэропортунда ПЦР-тест тапшырууну талап кылууда деген маалымат чындыкка дал келбейт

“Манас” эл аралык аэропортунда ПЦР-тест тапшырууну талап кылууда деген маалымат чындыкка дал келбейт.

Бул тууралуу аталган аба майдандын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, Кыргызстанга келгендер үчүн бардык талаптар жокко чыгарылган.

Өзбекстан, Казакстан жана Түркия да ушул жылдын июнь айында ковидге каршы тест же эмдөө сертификатын талап кылбайт.

Бирок Россия, Бириккен Араб Эмирлиги, Индия бул талаптарды жокко чыгарган жок.

Андыктан, Кыргызстандын аэропортторунда аталган өлкөлөргө учууга катталууда авиакомпаниянын өкүлдөрү ПЦР тестин же эмдөө сертификатын сурайт, — деп айтылат маалыматта.