Бишкекте эртеңден тарта коменданттык саат күчүнө кирет

Бишкекте эртеңден тарта коменданттык саат күчүнө кирет.

Ички иштер министринин орун басары Алмаз Орозалиев билдиргендей,

эртең кечки саат 8ден эртең мененки 7ге чейин комменданттык саат режими башталат.

Аталган убакта жарандардын көчөдө жүрүүсүнө чектөөлөр киргизилет.

Транспорт каражаттары да каттамдарга чыкпайт. Ал эми медицина жана

күч түзүмдөрүнүн кызматкерлери күбөлүктөрүнүн негизинде гана текшерүүдөн

өткөн соң кыймылына уруксаат берилет. Коменданттык саат жарыяланганына

байланыштуу калаа коноктору өз аймагына түнкү 12ге чейин чыгып кетиши керек.