Кыргызстан Кытайга болгон тышкы карыздан кутулбаса үч маанилүү объекттен ажырап калышы мүмкүн.
Бул тууралуу Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Жогорку Кеңештин жыйынында билдирди.
Анын айтымында, 2023-28-жылга чейин 400 миллион доллардан кем эмес, айрым учурда 460 миллион доллар өлчөмүндө бересени төлөө керек.
“Эгер төлөй албасак, Бишкек ЖЭБ, Датка Кемин жана Түндүк-Түштүк альтернативдик жолунун башкаруусу бөлөк бирөөнүн колуна өтөт.
Тактап айтканда, кытай банкы кайсы башкаруу компанияны киргизсе, ошого өткөрүлөт”, — деди Жапаров.