“Манас” эл аралык аэропортунун аймагындагы коюу туманга байланыштуу бир нече каттам кармалууда

“Манас” эл аралык аэропортунун аймагындагы коюу туманга байланыштуу бир

нече каттам кармалууда. Аба майдандын басма сөз кызматынын маалыматына

караганда, Санкт-Петербургдан келген учак Алматыга конду. Андан тышкары ички

каттамдар да кармалып жатат. Белгилеп кетсек, акыркы бир нече күндөн бери

Бишкек жана Ош аба майданынын аймагындагы коюу туманга

байланыштуу бир нече каттам кармалып турат.