Улуттук банк 1-декабрдан тартып “Кыргыз күрөш” коллекциялык тыйындарын жүгүртүүгө чыгарат.
Бул тууралуу Улуттук банктан билдиришти. Маалыматка караганда, монеталар “Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары”
сериясынын алкагында күмүш жана жез-никелден турат. Коллекциялык тыйындар улуттук спорттун түрүн
жандандыруу жана даңазалоо максатында чыгарылып, IV Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына арналат.