Бишкекте лифттер жаңыланат

Бишкекте лифттер жаңыланат.

Мэриянын маалыматына ылайык, ушул жылы пайдаланганына берилгенине

25 жылдан ашкан көп кабаттуу үйлөрдүн 21 лифти алмаштырылат. Ошондой эле

анын катарында №1-шаардык клиникалык ооруканасынын лифти бар.

Учурда медициналык мекемеде иштер башталды. Ал эми турак жайлардагы

лифттерди алмаштыруу эскилери эсептен чыгарылгандан кийин башталат.

Жаңы жабдууларды сатып алууга 26 миллион сом каралды. Кошумчаласак,

ордо калаада жалпысынан 733 муниципалдык лифт бар. Калгандары жеке менчик.