Нарын районунун Эмгек-Талаа айылында жаңы мектеп ачылды.
Керимбай уулу Сарыбай атындагы билим берүү мекемеси 225 окуучуга
чакталды, — деп билдиришти архитектура жана курулуш агенттигинен.
Жаңы мектеп 2 кабаттуу жана анда окуу класстарынан тышкары ашкана,
спорттук зал, өтмө галерея бар. Долбоорду ишке ашырууга 34 миллион сом жумшалды.