Гапар Айтиев атындагы көркөм-сүрөт музейине жаңы жетекчи дайындалды

Гапар Айтиев атындагы көркөм-сүрөт музейине жаңы жетекчи дайындалды.

Тийиштүү буйрукка Маданият министри Азамат Жаманкулов кол койду.

Ага ылайык,  аталган музейде башкы сактоочу болуп эмгектенген Айгүл Мамбетказиева директор статусун алды.

Эске салсак, музейде 27-ноябрда феминале өткөнүнө байланыштуу мурунку директор Мира Жангарачева кызматтан бошотулган.