Март айынан бери Кыргызстанда пневмониядан 54 адам көз жумду

Кыргызстанда быйыл март айынан бери өпкөнүн кагынуусунан (пневмония) 54 адам кайтыш болду. Бул тууралуу 29-июнда онлайн брифингде саламаттык сактоо министри Сабиржан Абдикаримов билдирди.

 

Министрдин айтымында, алардын 48и Бишкекте, алтоо республиканын башка аймактарындагы ооруканаларда көз жумган.

Абдикаримовдун белгилешинче, мындай диагноз менен ооруканага жаткырылгандардын өлүмү июнь айынан тартып каттала баштады.

 

Маалыматка караганда, бул аралыкта ооруканаларга «пайда болуу себеби аныкталбаган пневмония» деген диагноз менен 1145 адам жаткырылган. Алардын 564ү айыгып кетти. 525и азыркы учурда саламаттык сактоо мекемелеринде жатышат, алардын ичинен 408и Бишкекте, 117си аймактарда.

Өкмөт соңку күндөрү «Тез жардам» кызматына кайрылгандар аябай көбөйгөнүн айтууда.

 

Кыргызстандын башкы өпкө дарыгери, коронавирус бейтаптарын дарылоочу илимий консультативдик кеңештин төрагасы Талантбек Сооронбаев азыр өлкөдө сасык тумоо эмес, COVID-19 пандемиясы гана өкүм сүрүп жатканын айткан.

 

Бишкектин «Тез жардам» кызматынын маалыматына караганда, мурда жайкысын дээрлик учурабаган пневмония соңку бир суткада эле 73 адамдан аныкталды.

Жалпысынан 18-марттан 29-июнга чейин өлкөдө коронавирус деген диагноз 5017 адамга коюлду, алардын ичинен 50 бейтап кайтыш болду, 2294ү айыгып кетти.

Анализ ыкмалары так болбой жаткандыктан Кыргызстанда пневмония илдетин жуктурду деген бейтаптардын баарында азыр коронавирус экенин көз каранды эмес адистер буга чейин айтып келишкен.