Мурдагы «Манас» транзиттик жүк ташуу борборунун аймагында обсервация ачылды

Мурдагы «Манас» транзиттик жүк ташуу борборунун аймагында обсервация ачылды.

Бул тууралуу Коргоо иштери боюнча мамлекеттик комитетинен билдиришти.

Обсервация үчүн эки кабаттуу алты курулушка капиталдык ремонт жүргүзүлдү.

Алардын экөө 44 адамга ылайыкташкан реанимациялык бөлүм болсо, үчөө

дарылоо-терапевттик бөлүм катары кызмат көрсөтөт. 220 палатада

400 орун керектүү медициналык жабдуу менен камсыздалды.