Кыргызстанда 234 бүтүрүүчү артыкчылык аттестатына ээ болду

Кыргызстанда 234 бүтүрүүчү артыкчылык аттестатына ээ болду. Билим берүү министрлигинен билдиришкендей, быйыл “Алтын тамга” тестирлөөсүн 1 миң 250 окуучу тапшырды. Анын 19 пайызы гана билимин тастыктай алды.

 

Бул өткөн жылга салыштырмалуу, 2 пайызга көбүрөөк. Анда болгону 182 окуучу тестирлөөдөн өтө алган. Сынак санитардык эрежелерди сактоо менен өткөрүлдү, — дешти ведомстводон.