Дүйнөдө эң чоң шоколад батону Американын Техас штатында жасалды

Дүйнөдө эң чоң шоколад батону Американын Техас штатында жасалды.

Таттуунун салмагы 2 тоннадан көп болсо, туурасы 60 сантиметрден ашат.

Ал эми десертти даярдоого 544 килограмм карамель, жаңгак, нуга,

ошондой эле 1 миң 600 килограмм шоколад керектелди.

Ал эми Гиннес рекорддор китебинин өкүлдөрү шоколад батону

желип бүткөндө гана официалдуу түрдө каттоого алынаарын билдиришти.