АКШнын бийлиги Кыргызстан жарандарына өлкөгө кирүүгө чектөө киргизет

АКШнын бийлиги жети мамлекеттин жарандарына өлкөгө кирүүгө чектөө киргизет.

Wall Street Journal басылмасынын маалыматына караганда, тизмеде Кыргызстан,

Белоруссия, Мьянма, Нигерия, Судан, Танзания жана Эритрея өлкөлөрү бар.

Тизмеге толуктоолор киргизилип, расмий билдирүү 27-январда айтылат.

Американын президенти Дональд Трамп мындай кадамдар мамлекетти терроризмден

сактоо максатында жасалып жатканын билдирди. Ал эми 2019-жылы баш тартылган

визалар статистика боюнча, кыргызстандыктардын 68 пайызына берилген эмес.