Медицина кызматкерлерине кошумча каражат төрт категория менен төлөнөт.
Бул тууралуу вице-премьер-министр Аида Исмаилова билдирет. Анын айтымында,
1-июлдан тартып кооптуу зоналарда иштеген кызматкерлерге берилчү кошумча төлөм көбөйдү.
Категориялар бөлүштүрүлүшүнө карай Казармалык режимде жана Адаттагы режимде иштегендер.
«Тез жардам» кызматында иштегендерге кошумча акы COVID-19 жугузуп алган адамды жеткиргенине
жараша төлөнмөкчү. Ошондой эле моргдо иштегендерге COVID-19 вирус жугузган сөөктү ачканына
жараша төлөнөт. Муну менен катар бир күнгө төлөнүүчү сумма өзгөрбөстөн, 900 сом бойдон калды.