Бишкекте коронавирус инфекциясын дарылоочу препараттарга дефицит жок

Бишкекте коронавирус инфекциясын дарылоочу препараттарга дефицит жок.

Саламаттыкты сактоо министрлигинен билдиришкендей, өлкөгө жалпы суммасы

14 миллиард 300 миллион сомго медициналык каражаттар сатып алынды.

Дарыкана түйүндөрүндө антикоагулянттар жана антибиотиктер жетиштүү деңгээлде.

Учурда аймактарды препараттар менен камсыз кылуу аракети жүрүп жатат.

Өлкө боюнча муктаждыкты жоюу үчүн августтун аягына

чейин дары-дармектер республикага жеткирилет.