Бишкекте айрым стационарлар ишин токтотууда

Бишкекте айрым стационарлар ишин токтотууда.

Мэриянын маалыматына ылайык, бул ордо калаадагы күндүзгү жана түнкү

стационарларга кайрылган жарандардын саны кескин төмөндөгөнүнө байланыштуу.

Мындан улам Октябрь районундагы «Салтанат» ресторанда ачылган түнкү

стационар жана «Сейтек» мектебиндеги күндүзгү стационар ишин токтотту.

«Жал» кичирайонундагы №95 мектептеги стационар да бүгүнтөн тартып жабылат.

Калган стационарлар кадимки тартипте иштеп жатат.

Кайрылуулардын санына байкоо жүргүзүлөт.