Кыргызстанда коронавирус жуккан күч кызматкерлеринин саны 27ге жетти

Кыргызстанда коронавирус жуккан күч кызматкерлеринин саны 27ге жетти.

Бул тууралуу республикалык ыкчам штаб билдирет. Маалыматка караганда,

илдет жуккан 10 кызматкер айыгып чыкты. Калган 17си Бишкектеги Республикалык

инфекциялык клиникалык ооруканасында дарыланып жатат. Ал эми медицина

кызматкерлеринин 216сынан коронавирус аныкталды,

алардын 139у айыгып чыкты. Бир дарыгер каза тапты.