Кыргызстандын материалдык резервдер фонду Россия жана Казакстандан ташылган кумшекер жана май менен толукталат

Кыргызстандын материалдык резервдер фонду Россия жана Казакстандан ташылган кумшекер жана май менен толукталат. Мамлекеттердин бийликтери жеткирүүлөр боюнча макулдашып, келишимдерге кол коюлду.

 

Ага ылайык, ушул айдын аягына чейин өлкөгө 506 тонна кумшекер жана 3 миң тоннадан ашык өсүмдүк май жеткирилет.

 

Айыл-чарба министрлигинин маалыматына ылайык, мындай чара республикада азык-түлүк коопсуздугун камсыздоо жана бааларды туруктуу сактоо максатында кабыл алынды.