Кош бойлууларга антенаталдык байкоо онлайн режиминде өтөт

Кош бойлууларга антенаталдык байкоо онлайн режиминде өтөт.

Бул тууралуу Медициналык жардам көрсөтүүнү уюштуруу жана дары саясаты

башкармалыгынын башкы адиси Раиса Асылбашева билдирет. Анын айтымында,

мындай чара аялдардын стационарларга келүүсүн азайтуу максатында көрүлүп жатат.

Кош бойлуулар өзгөчө кырдаал учурунда гана кабыл алынат. Негизинен антенаталдык байкоо

9 ирет жүргүзүлүшү керек. Ал үчүн бейтап жана дарыгердин ортосунда үзгүлтүксүз байланыш камсыздалды.