Кыргызстанда коронавируска кабылгандардын саны 14кө жетти

Кыргызстанда коронавируска кабылгандардын саны 14кө жетти.

2 бейтап Бишкекте катталды. Вирусту жуктургандардын бири

Франциядан келип, “Манас” эл аралык аэропортундагы обсервацияда жаткан.

Экинчиси Сауд Арабиядан умрадан келген. Ал ордо калаадагы

мейманканалардын биринде изоляцияга алынган. Буга чейин

Сузак районунда 8, Ноокат районунун 3 жана Баткендин 1 жашоочусунан

вирус аныкталган. Алардын бары кичи ажылыктан келгендер.