Калктын респиратордук вируска каршы эмделиши COVID-19 пандемиясы учурундагы абалды жеңилдетет.
Бул тууралуу республикалык штабдан билдиришти. Маалыматка караганда, Саламаттыкты сактоо мекемелери
күзгү-кышкы сезонго карата эмдөөгө даярдалууда. Вакцинация сентябрдын ортолорунда башталат.
Штабдан белгилешкендей, анын ден-соолукка зыяны жок. Эске салсак, эмдөө алгач балдарга,
мугалимдерге, калктын аярлуу катмарына жана дарыгерлерге жүргүзүлөт.