Мектеп директорлорунун жана завучтардын айлыгы 50 пайызга көтөрүлөт

1-апрелден тарта мектеп директорлорунун жана завучтардын айлыгы 50 пайызга көтөрүлөт.

Бул тууралуу билим берүү министринин милдетин аткаруучу Каныбек Иманалиев билдирди.

Анын айтымында, бул үчүн министрлер кабинети 481 миллион сом бөлгөн.

Чиновник ошондой эле чет элдик адистер Кыргызстанга келип, директорлорго башкаруунун жаңы ыкмаларын үйрөтүүгө даяр экенин белгиледи.

Беш ыктыярчынын экөө Гарвардды бүтүргөн.

Алар үчүн жергиликтүү бийлик бардык шарттарды түзүп бериши керек.