Каракол шаарында Сот адилеттиги үйү ачылды.
Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматынан кабарлашты.
Маалыматка ылайык, окуя Кыргызстандын сот тутумунун тарыхында биринчи жолу болду.
Бул жерде Ысык-Көл облустук соту, Каракол шаардык соту жана Ысык-Көл административдик соту жайгашкан.
Буга чейин бул имарат чек арачы аскерлер үчүн 500 орундуу казарма катары пайдаланылып келген.
Ал эми эки жыл мурун Сот адилеттиги үйүнө ылайыкталып, капиталдык оңдоо башталаган.