Мектепке электрондук каттоо: Эки күндө 21,2 миң бала 1-класска катталды

Билим берүү жана илим министрлигинин санариптик трансформация бөлүмүнүн 9-апрелге карата берген маалыматына ылайык, республика боюнча 21 миң 291 адам катталды.

Катталгандарды облустар жана шаарлар боюнча бөлүштүрүү:

  • Ысык- Көл облусу — 2174;
  • Жалал-Абад облусу — 3704;
  • Нарын облусу — 1557;
  • Баткен облусу — 2330;
  • Ош облусу — 3516;
  • Талас облусу — 1174;
  • Чүй облусу — 2903;
  • Бишкек шаары — 3461;
  • Ош шаары — 472.

Жыйынтыгында катталды: 21 миң 291 адам.

Бош орундар:

Бишкек шаары боюнча: 12 миң 734

Толгон мектептер:

1. №26 француз тилин тереңдетип окутууну камтыган гимназия-комплекси;.

2. №70 мектеп-гимназия окуу-тарбиялык комплекси муниципалдык мекемеси.

Эскерте кетсек, кечээ, 8-апрелде баланы мектепке 1-класска электрондук каттоо башталган. Кабыл алуу эки этапта жүргүзүлөт: 8-апрелден 2-июнга чейин юридикалык каттоодон жери боюнча, ал эми экинчи этап – 3-июндан 30-августка чейин жашаган жерине карабастан, бош орундар бар мектептерге каттаса болот.