Жалпы республикалык тестирлөө 24-майда башталат

Жалпы республикалык тестирлөө 24-майда башталат. Билим берүү министрлигинин маалыматына ылайык, сынактын 1-этабы 24-25-майда, 2-этап  27-28-майда, ал эми үчүнчү этап 24-25-июнда өтөт.

 

Акыркы этапка негизги тестирлөөгө жүйөөлүү себептер менен сынакка катыша албай калгандар катталат. Ведомстводон эскертишкендей, жогорку окуу жайларга өтүүнүн босого баллы 110, предметтик тестте 60 бойдон калды. Белгилеп кетсек, быйыл Кыргызстанда 68 миңден ашык окуучу мектепти аяктап жатат.