Өлкөдө кышкы каникулдан соң 1 миң 915 мектеп салттуу түрдө окутууну улантат

Өлкөдө кышкы каникулдан соң 1 миң 915 мектеп салттуу түрдө окутууну улантат. Бул тууралуу Билим берүү министрлигинен билдиришти. Андан белгилешкендей, ал эми Бишкектин мектептеринин ачылышына мэрия тарабынан уруксат берилиши керек.

 

Өлкөдө билим берүү уюмдарынын негизги окуу планына ылайык, кышкы каникулдар 30-декабрдан 10-январына чейин созулат.

 

Окуучулар 12 күн эс алышып, 11-январда окууга кайтып келишет.