Бишкекте мамлекеттик бюджеттин эсебинен 15 мектеп жана 1 бала бакча курулат

Бишкекте мамлекеттик бюджеттин эсебинен 15 мектеп жана 1 бала бакча курулат. Мэриянын маалыматына ылайык, объектилер бир катар жаңы конуштарда пайда болот, анын ичинде Ак-Босого, Рухий-Мурас, Алтын-Ордо жана Мурас-Ордо конуштары бар. долбоорлорду ишке ашырууга 1,5 миллиард сом багытталат.

 

Муниципалитеттен белгилешкендей, жаңы мектептердин курулушу ордо калаанын билим берүү мекемелерине муктаждыгын жоюуга жардам берет.