Сүлүктү шаарындагы эки билим берүү мекемесинде оңдоо иштер жүрүп жатат.
Райондук администрациядан билдиришкендей, №5 орто мектептин жана Бөкөнбаев айылындагы
«Жеткинчек» бала бакчасынын чатырлары жаңыланды. Каражат жергиликтүү бюджеттен бөлүп берилди.
Учурда аймактагы мектептер жана мектепке чейинки билим берүү уюмдары жаңы окуу жылына даяр.