11-класстар үчүн «Алтын тамга» тестирлөөсү 12-июндан 19уна чейин өтөт.
Бул тууралуу Билим берүү министрлигинен билдиришти. Тестирлөө облустук
борборлордо уюштурулат. Имараттар дезинфекцияланып, социалдык аралык
сакталат жана ар бир бүтүрүүчү коргонуу каражаттары менен камсыздалмакчы.
Быйылкы окуу жылында 1 миң 420 бүтүрүүчү өзгөчө үлгүдөгү аттестат алуу үчүн ат салышат.
Белгилеп кетсек, аталган тестирлөө «Алтын тамга» аттестатын
алууну каалаган, жакшы окуган балдар үчүн уюштурулат.