Эртең өлкөнүн мектеп окуучулары үчүн үчүнчү чейректеги акыркы окуу күнү.
19-марттан баштап балдар жазгы каникулга чыгышат.
Эс алуу 28-мартка чейин уланат.
Бул тууралуу бизге Билим берүү министрлигинен кабарлашты.
Ведомстводогулар сентябрда окуу жылынын эки жумага жылдырылышына байланыштуу быйылкы окуу 8-июнда аяктай турганын белгилешти.
Ал эми акыркы коңгуроо 9-июнда кагылат.
Эске салсак, буга чейин окуу жылы 31-майда аяктачу.