Мектептерде ата-энелерден акча чогултууга тыюу салынат

Мектептерде ата-энелерден акча чогултууга тыюу салынат. Тиешелүү тапшырманы президент Садыр Жапаров Билим берү министринин милдетин аткаруучу Каныбек Иманалиевге берди.

 

Ага ылайык, мектепти оңдоп-түзөөгө жана класска керектүү нерселерди сатып алууга ата-энелерден акча чогултулбашы керек. Бул максатта окуу жайларга республикалык бюджеттен каражат бөлүнөт.

 

Белгилеп кетсек, буга чейин деле тыюу салынганына карабай, өлкө мектептеринде, айрыкча ордо калаанын жалпы билим берүү мекемелеринде фондко ар бир ата-эне жылына  3 миңден 5 миң сомго чейин төлөп келет.