Жалпы республикалык тестирлөөнүн баасы өзгөрүүсүз калды

Жалпы республикалык тестирлөөнүн баасы өзгөрүүсүз калды. Билимди баалоо жана окутуу усулдары борборунун маалыматына ылайык, бүтүрүүчүлөр негизги тест үчүн 370 сом жана кошумча тандалган ар бир предмет үчүн 370 сомдон төлөшү керек.

 

Бул жылы жалпы республикалык тестирлөөгө каттоо онлайн түрүндө жүргүзүлөт. Орто мектепти же орто кесиптик билим берүү мекемесин аяктап жаткан абитуриенттер жеке баракчасын ачышы керек. Каттоо 6-апрелге чейин созулат.