Мектептер үчүн талаптар жана 1-класстын окуучуларынын ата-энелерине сунуштамалар иштелип чыкты

Мектептер үчүн талаптар жана 1-класстын окуучуларынын ата-энелерине сунуштамалар иштелип чыкты. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлигинин санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл департаментинин жалпы гигиена боюнча дарыгери Мария Кушубакова билдирди.

 

Алгоритмге ылайык, класста окуучулардын саны азайтылат, мектеп директорлору санитардык талаптардын аткарылышына жана дезинфекциялоо иштерине жооптуу.

 

Балдар бет кап тагынып, атайын кол аарчыларды жана антисептиктерди пайдаланышы керек, аларды ата-энелери камсыздоого тийиш. Эске салсак, быйыл 1-класстын окуучулары гана кадимки форматта окуйт.