Бишкек мектептерин толук кандуу салттуу режимге кайтаруу чечими февралдын аягында кабыл алынат

Бишкек мектептерин толук кандуу салттуу режимге кайтаруу чечими февралдын аягында кабыл алынат. Бул тууралуу 24 агенттигине ордо калаанын башкы дарыгери Кубан Кундашев билдирди.

 

Анын айтымында, учурда шаардагы эпидемиологиялык абал көзөмөлдөнүп жатат. Мониторинг айдын соңуна чейин жүргүзүлөт деп күтүлүүдө.

 

Эске салсак, учурда Бишкекте 1-5-9-11-класстын окуучулары мектепке келип окуп жатат. Февралда башка класстар дагы салттуу режим менен билим алып калат деп пландалып, бирок шаар бийлиги оюнан кайтты.