Бишкекте бүгүнтөн тарта жаңы автобустук каттам кое берилет

Бишкекте бүгүнтөн тарта жаңы автобустук каттам кое берилет. Мэриянын басма-сөз кызматынан билдиришкендей, №31 автобус №101 маршруттук каттамдын ордуна жүрөт.

 

Линияда 15 автобус иштейт.

 

Буга байланыштуу №101 маршруттук каттам өзгөртүлүп, ал эми №113, 213 жана 214-маршруттук каттамдар жоюлду. Эске салсак, шаар бюджетинен 1 миллиард сом бөлүнүп, Кытайдан 124 автобус сатылып алынды. Жаңы транспорт шаар каттамдарына бөлүштүрүлүп жатат.