Кыргызстанда мектеп директорлору сынак менен дайындалат

Кыргызстанда мектеп директорлору сынак менен дайындалат. Тиешелүү жарлыкка президент Садыр Жапаров кол койду. Документ билим берүү уюмдарынын жетекчилерине кесипкөй адистерди тартуу, билим берүү чөйрөсүндөгү башкарууну жакшыртууга багытталат.

 

Жарлыкка ылайык, беш жыл жетекчилик кызматта иштегендер жумуштан бошотулат.

 

Белгилеп кетсек, коомчулукта ири шаарлардагы мектеп жетекчилери көп жылдан бери отуруп, акча чогултуу жана башка иштерге аралашат деген сындар көп айтылат. Кыргызстанда жалпысынан 2 миң 162 мектеп бар.