Нарында жаңы мектеп пайда болот

Нарында жаңы мектеп пайда болот. Облустук капиталдык курулуш башкармалыгы 375 орундуу мектептин курулушуна тендер жарыялады. Билим берүү мекемеси Кочкор районунун Ак-Кайың айылында курулат.

 

Долбоордун сметалык баасы 126 миллион 582 миң сомду түзөт. Арыздар 4-ноябрга чейин кабыл алынууда.